Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу
28-январь

УКУК ЭЛЕСИ БОЛГОН АЙКЕЛДЕР!

"Укук болгондо, мүмкүнчүлүк да болот" долбоору

Долбоор жетекчиси Абдурахманов Шарабдин: Долбоордун идеясы төмөндөгүдөй жаралган. Исфана шаар аймагында акыркы жылдары калктын чечим кабыл алуу процестерине катышуусунун солгундашы, жаштардын укуктук билиминин төмөндүгү. Шаар тургундарын жана жаштарды чечим кабыл алуу процестерине катыштыруу үчүн бир катар жумуштар жасалып келет. Ал эми биз ошол маселелерди айкелдер түрүндө чагылдырып,укуктук маалымат берүүнү пландаганбыз.

Долбоор максаты: Исфана шаарынын аймагындагы жашаган калктын анын ичинде жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу жана шаарга тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган укуктарды чагылдырган айкелдердин жардамы менен укуктарын таанытуу, шаар аймагындагы жашоочулардын укуктук билими көтөрүү, чечим кабыл алуу процестерине катыштыруу болуп саналат.

Долбоор жыйынтыгында: Исфана шаарынын аймагындагы жашаган калктын анын ичинде жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу жана укуктук билимдерди көтөрүүгө багытталган 30 укуктарды чагылдырган айкелдер жайгаштырылды.

"Укук болгондо, мүмкүнчүлүк да болот" долбоору Сорос-Кыргызстан  фондунун "Жаштардын демилгелеринин колдоо" фонду жана Исфана шаарынын мэриясы тарабынан колдоого алынып ишке ашырылды.

 

Исфана шаарында биринчи жолу укуктук билимди жогоруулатууга арналган айкелдер "Самат" паркына жайгаштырылды.

 

                                    .                   .