Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу
04-февраль

«Исфана шаарынын  балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө» БАЯНДАМАСЫ

Баткен областы, Исфана шаары

 

 

 «Исфана шаарынын  балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө»

 

БАЯНДАМАСЫ

 

 

 

 

                                              

 

 

 

 

 

                                                                         2020 г

 

 

 

Мазмуну

КИРИШ СӨЗ. 3.

1-бөлүмШаар боюча жалпы маалымат. 4

2-Бөлүм. Балдар менен жаштарынын абалынын сүрөттөлүшү. 5

2.1. Социалдык, укуктук коргоо жана теңдик. 6

2.2  Балдардын саламаттыгын коргоо жана жаштардын сергек жашоосу. 8

2.3 Балдардын коопсуздуугу. 9

2.4. Билим берүү жана өнүгүү. 11

2.5. Балдардын коомдук турмушка жана чечим кабыл алууга катышуусу. 15

КОРУТУНДУ СӨЗ..........................................................................................................................................18

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2020-ж                          

КИРИШ СӨЗ

 

“Исфана шаардык мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө” доклад– бул Исфана  шаарындагы балдарга жана жаштарга байланышкан кырдаалды талдоо жана анализ болуп саналат.

Доклад  шаар аймагындагы  балдардын жана жаштардын  абалы боюнча системалуу аналитикалык маалыматтарды камсыз кылуу балдардын укуктарын маселелери боюнча оптималдуу чечүү, ошондой эле алардын укуктарын  коргоо жана өнүктүрүү.

Доклад,    “Балдардын укуктары” жөнүндө БУУнун, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2018-2028 жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды колдоо” программасына  таянып даярдалды. 

Докладдын  максаты шаардагы балдардын жана жаштардын  абалына комплекстүү баа берүүдө  аныкталган көйгөйлөрдүн  негизинде  жергиликтүү денгээлде  чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Доклад Исфана шаардык мэриясынын  статистикалык маалыматтарга негизделген. Мындан тышкары, шаардагы  балдардын жана жаштардын  муктаждыктарын аныктоодо изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде эске алынган. Докладда  билим берүү, социалдык өнүгүү башкармалыгынан,  коомдук тартипти сактоо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан маалыматтарына негизделген.

Ушул  докладда  негизги маселелери чагылдырылып, жетим жана майып балдардын абалы, кылмыштуулук, укук бузуулардын жана жашы жете элек балдардын кароосуз калган  мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде даярдалды. Ошондой эле баяндама балдардын маселелерин оптималдуу түрдө тез арада чечип, алардын укуктарын камсыз кылып, балдарды коргоо жана өнүктүрүү боюнча ЖӨБОнун, түрдүү мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатын көздөйт.

 

 

 

1-бөлүмШаар боюнча жалпы маалымат

 

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-февралындагы № 21-Жарлыгы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451-токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаар мэриясы болуп өзгөрүлгөн. Исфана шаарынын аймагы 28950 га. түзүп, Туркестан кырка тоолорунун түштүк жагында,   дениз денгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Областын борбору Баткен шаарынан 130 км., Республиканын борборунан 960 км. аралыкта жайгашып, Лейлек районунун борбору болуп саналат.

 Исфана шаары чыгыш тарабынан Тогуз-Булак айыл Өкмөтү, батыш тарабынан Сумбула, Ак-Суу айыл Өкмөттөрү, түндүк тарабынан Сүлүктү шаары жана Тажик Республикасынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешет.

Жакынкы темир жол станциясы шаардан 45 км аралыкта-Тажик Респуликасынын Согди областынын Пролетарск шаарында жайгашкан.

Исфана шаарында республикалык маанидеги, учурда иштеп жаткан «Исфана» аэропорту бар, Исфана-Бишкек маршруту боюнча жумасына эки жолу каттайт.

Бишкек шаары менен траспорттук байланыш  Баткен-Ош-Ала-Бель-Тоо-Ашуу аркылуу жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Исфана шаарынын аймагында 71 мекемелер, ишканалар, айыл чарба кооперативдери бар, 9 банкттардын филиалдары (“Айылбанк”,“Экобанк”, “АКБ Кыргызстан”, “РСК”, “Компаньон”, “БТА Банк”, “Бакай Банк”, “Бай-Түшүм”, “Мөл-Булак”,.),  1 кредиттик союз, 6 мамлекеттик эмес уюмдар, 14 жалпы билим берүүчү мекемелер, 2 гимназия мектептери, 22 балдар бакчалары (10 бала бакча жеке), 1 аймактык оорукана, 1 үй булөлүк дарыгерлер борбору, 6 үй бүлөлүк дарыгерлер топтору бар.

Жалпысынан 2019-жылдын 1-январына карата  31613 адам жашайт. Исфана шаарына 1 шаар, 6 айыл кирет.

 

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы:

Шаардын өкүлчүлүктүү органы болуп жергиликтүү кеӊеш эсептелет, депутаттардын саны жана курамы 31, туруктуу комиссиялардын саны-4. Исфана шаарынын мэриясы аткаруу-тескөөчү органы, аппараттын кызматкерлеринин  саны жана курамы -20, гендердик теңчилик боюнча аппаратта- 16 эркек, 4  аял.

 

Калктын демографиялык  көрсөткүчү

 

Туруктуу калкынын саны 31613 адам, анын ичинен 34,3 % - айыл жашоочулары түзөт. Калктын этникалык курамы: кыргыздар – 16577 адам, башка улуттар15036 адам.

-калктын саны31613 киши.

            Анын ичинде этникалык курамы боюнча:

          -Кыргыздар   -16577 адам              52,44%;

            -өзбектер        -14871 адам              47,04%;

          -тажиктер      -105 адам                  0,33%;

          -орустар         - 41 адам                   0,13 %;

          -башкалар     -19 адам                    0,1%.

             

Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:

-райондун административдик-маданий борбору – Исфана шаары

           - айылдар -6;    (Мурза-Патча, Самат, Чимген, Тайлан, Ак-Булак жана Голбо)

            

2-бөлүм. Балдар менен жаштарынын абалынын сүрөттөлүшү

2019-жылга карата  Исфана шаарынын калкынын саны 31613 киши. Анын ичинен балдардын  жана жаштардын жалпы саны  19500 бала болуп, жалпы калктын 61,7% түзөт. Исфана шаарында  ички миграция күчөп, жаштардын  саны көбөйгөндүгү байкалган.    Ошондой эле шаар аймагында №48 кесиптик лицейи жана Академия атайын орто окуу жайы, турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн “Акчыйыр”  мектеп-интернаты жайгашып, башка айыл аймактардан жаштар келип билим алууда.

           Исфана шаарында жашаган балдардын жана  жаштардын жаш курагы жана гендердик курамы боюнча көрсөткүчү:

0 жаштан 14 жашка чейинкилер

14 жаштан 18 жашка чейинкилер

18 жаштан 28 жашка чейинкилер

Бардыгы

Эркектер

Аялдар

Бардыгы

Эркектер

Аялдар

Бардыгы

Эркектер

Аялдар

12085

62%

6289

5796

1447

7,4%

737

710

5968

30,6%

3021

2947

    1. Социалдык укуктук коргоо жана теңдик.

 

Социалдык коргоо. Исфана  шаарындагы социалдык категориядагы балдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, турмуш шарты оор бар үй-бүлөлөрдүн балдары, тоглок жетик, жарым жетим, ата-энеси миграцияга кеткен балдар жана башка категориядагы балдарды аныктап, дайыма алар менен иш алып барылууда.

 Исфана шаардык мэриясында 182 мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек балдар каттоодо турат. Алардын ичинен 34 бала церебралдык паралиж оорусу менен ооруйт. Аларга майыптыгы боюнча социалдык жөлөк пул ай сайын төлөнөт. Ошондой эле  жыл сайын жайкы каникул мезгилинде  ден соолугун чыңдоо лагерлерине жолдомо берилет. Атап айтканда 2019-жылы “Алтын-Бешик” балдардын эс алуу лагерине  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан  14  балага 62385 сомго жолдомо алынып берилип жайкы эс алуусу камсыздалды.

Мындан сырткары аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга  “үй-бүлөгө көмөк” пул алып жаткандардын  саны 159 балдарды түзөт.

            Турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдар, балдарга жана жаштарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча аткарылган ич-чаралар жөнүндө маалымат: 

2019-жылга карата шаардын аймагында үймө үй жүрүп, ата-энелери миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдү аныктоо менен алардын жашоо шарттары менен таанышып анализдөө иштери жүрдү. Ата-энеси  миграцияда жүргөн балдардын саны- 188 баланы түзгөн.

 Иш-чаранын алкагында эл арасында балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Исфана шаардык мэриясынын 2019-жылдын “29”-январындагы №11 буйругунун негизинде балдарга карата ырайымсыздык мамилелерди жана зордук зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, анын ичинен ата-энеси ички жана тышкы миграцияда жүргөн балдардын санын аныктоо, база түзүү жана түзүлгөн база боюнча маалыматты берүү жагы шаар аймагында жайгашкан мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилген. Аталган иш-чара боюнча шаар аймагынындагы бала бакча жана мектептер менен ата-энелердин тыгыз байланышта  болуусу үчүн  «энелер мектеби» түзүлүп,  укук бузуучулуктун алдын алуу, балдарга ырайымсыз мамилелерди болдурбоо максатында семинар-сабактар өткөрүлдү жана мектеп окуучуларынын  арасында түрдүү темада дубал газеталар чыгарылып, илинди. Ошондой эле балдар укуктарынын конвециясы боюнча маалымат социалдык педагогдор тарабынан  лекциялар өткөрүлдү. 

 

Исфана шаары

2019-жыл

1

Тоголок жетим балдардын саны

9

2

Жарым жетим балдардын саны

196

3

Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны

188

4

Мектептин саны

16

5

Мектепке  барган  балдардын  саны

7292

6

Мектепке (билим алууга) тартылбай калган балдардын саны (ДМЧ себептен)

4

7

Жекече  окутууга  тартылган  балдардын  саны

5

8

Инклюзивдик окутууга  тартылган балдардын саны

18

9

Балдар бакчасынын саны

22

10

Балдар бакчасына барган жана даярдоо класстарында окуган балдардын саны

2398

11

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны

15

12

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын саны (пособие)

159

13

Асырап алынган балдардын саны

13

14

Камкордукка жана көзөмөлдүктөгү балдардын саны

69

15

Кылмыштуулук боюнча ИДНдин учетунда турган балдар

3

16

Зордук  зомбулукка  кабылган  балдардын  саны

Жок

17

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар жана жаштар 

182

 

Балдардын укуктарын коргоо жаатында коомдук саясаттын негизги багыттарынын бири  жетим балдардын санын  кыскартуу болуп саналат.

            Исфана  шаарында 9 тоголок жетим балдар катталган. Ошондой эле 196  жарым жетим балдар каттоого алынган.

      Бүгүнкү күндө 9  тоголок  жетим бала жакын туугандарынын камкордугуна алынып, мэрия тарабынан көзөмөлдө турат.  Шаарда  зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар аныкталган эмес.  Бирок ошондой болсо да балдарды коргоо, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш-чаралар комплексин иштелип  чыккан. Бул иш-чаралардын алкагында:

  •  үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу;
  • үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн колдоо көрсөтүү.

 

Көйгөйлөр:

  • Шаардын аймагындагы мекеме-ишканаларда менчигинин түрүнө карабастан имараттарга кирүүгө шарттарды жаратуу (пандустарды, көрсөткүчтөрдү, табличкаларды орнотуу), “Чакыруу кнопкасын” орнотуу жана ДМЧАга жардам берүү боюнча бир кызматкерди дайындоо;
  • Пандустарды талапка ылайык куруу иштерин жүргүзүү;
  • Жогорудагы мыйзамдын талаптарына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейлөөгө багытталган уюмдар жайгашкан жерлерде жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү орнотуу, көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга автомобиль жолдорунун жүрүү бөлүгүн кесип өтүү жөнүндө эскертип туруу үчүн арналган үн сигналдары бар жол чырактарын (светафорлорду) орнотуу жана керектүү жерлердин баарына жол чийимдерин чийүү зарыл;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын автомобиль транспорту үчүн атайын бөлүнгөн токтотуу жайларын түзүү;
  • ДМЧАга спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүү, машыгуу залдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
  • Жергиликтүү денгээлде калка укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында өзгөчө балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн конкретү механизимин жакшыртуу маселеси зарыл.
    1. . Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын

жана жаштардын сергек жашоосу

 

Балдардын ден соолугун, өзгөчө жаш балдар үчүн эртелеп өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү, анткени саламаттык сактоо тармагы балдарды тарбиялоо зор көмөкчү. Эненин ден-соолугун  чындоо, жаны төрөлгөн балдардын ден соолугу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу (мисалы, анын ичинде жаны  төрөлгөндөргө кам көрүү, тамактануу, психикалык ден соолугу жана ВИЧ/СПИДти алдын тармактары) балдардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Мындан тышкары, саламаттык сактоо секторунда балдарга кам көрүүдө жана алардын алгачкы жылдарында маалыматтарды таратуу иштерин жүргүзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.

Бул багытта 2019-жылдын апрель айында Үй-бүлөлүк медицина борбору (ЦСМ), райондук санэпид көзөмөл борбору, медицина кызматкерлери, социалдык педагогдор, дин кызматкерлери, балдар бакчаларынын башчылары жана айыл башчылары менен тегерек стол өткөрүлдү. Түздөн-түз балдар менен иштөөчү мекемелер - мектептер жана бала бакчаларда, жер-жерлерде айыл башчылары тарабынан ата-энелердин жалпы чогулуштарын өтүп балдарды эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды. Ошондой эле август айында - Исфана, Амир-Темур, Ысык-Көл, А.Навои, Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде энелер жана кыз-келиндер үчүн ҮБДБ дарыгерлери менен бирге “Энеликти жана балалыкты коргоо” темасында жолугушуу өткөрүлдү. Балдардын туура тамактануусу жана балдардын, энелердин аз кандуулугун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Исфана шаарында балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун талдоодо, 5-жыл ичинде, жыл сайын 2-3% га жугуштуу  ооруунун өсүү динамикасы, өнөкөт оорулардын көбөйүп жаткандыгы жана  бардык курактык жана жыныстык топтордо дени сак балдардын санын азайгандыгын расмий статистикалык маалымат тастыктап турат.

 

    1.   Балдардын коопсуздуугу  

Балдар арасындагы кылмыштуулук жана жашы жете электерге каршы кылмыштар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы №120-б буйругу менен кабыл алынган “2016-2018 -жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планын” буйругун аткаруу максатында Исфана шаар мэриясынын иш-чаралары иштелип чыгарылып бекитилген.  

          2019-жылдын  февраль жана март айларында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, суициддин, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча дин өкүлдөрү, саламаттык сактоо жана укук коргоо органдары менен биргеликте мектептерде окуучуларга жыйындарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2019-жылдын февраль айында Т.Жапаров атындагы орто мектебинде   “Келечекке карай зордук-зомбулуксуз кадам” аттуу семинар райондук деңгээлде өткөрүлдү.

 

2019-жылдын жай айларында социалдык маселелер  боюнча комиссиясында  турмуш шарты оор балдарды эс  алууга лагерге жөнөтүү маселеси каралып 14 бала лагерге эс алууга  жиберилген.

 

      Балдарга карата ырайымсыз мамиле кылуунун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча Исфана шаары жана шаарга караштуу айылдарда жашаган бардык кожолуктар арасында ата-энелери миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмесин  тактоо боюнча ар бир үй-бүлөдө даректүү аныктоо иштери январь-февраль айларында жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Исфана шаар мэриясы боюнча ички мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн саны 28 болуп, алардын балдарынын саны 49 бала, ал эми сырткы мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн саны 876 болуп, ал үй-бүлөлөрдөгү балдардын саны 929 бала. Бардыгы болуп эмгек мигранттарынын балдарынын саны 978 бала аныкталып, тизмектелди. Анын ичинен көзөмөлчүлүк аныкталбастан туугандарынын үй-бүлөсүндө жашаган 98 бала аныкталды. Шаарга караштуу мектептерде “111” балдардын ишеним телефону жайгаштырылган. Мындан сырткары бул маселе боюнча калктын арасында кеңири маалымат берүү жана түшүндүрүү боюнча 2019-жылдын февраль айында шаарга караштуу ар бир аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин  аймактарында болуучу жыйындарда маселе күн тартибине коюлуп, элге маалымат берилди.

        

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын профилактикалык каттоосунда 2018-жылдын жыйынтыгы менен 9 жаш өспүрүм каттоого алынган болсо, 2019-жылдын 12 айына 3 жаш өспүрүм каттоого алынган.

 

Балдар иштери боюнча комиссиясы боюнча 2019-жыл  ичинде шаардык мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын 11 жолу кеңешмеси өткөрүлүп материалдык жардамдарды берүү боюнча маселелер каралып, анын ичинен  жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына, ДМЧ балдарга, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөрдүн балдарына, кургак учук менен жана онкологиялык оору менен  ооруган балдарга комиссиянын чечими менен жалпы 213215 сом материалдык жардамдар берилди.

 2.4.   Билим берүү жана өнүгүү

 

Мектепке чейинки тарбиялоо жана окутуу. Исфана  шаарында 12 мамлекеттик жана 10 жеке менчик балдар бакчалары иштеп жатат. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын жалпы саны 1807.  А.и. ДМЧ балдар үчүн “Кулунчак” калыптандыруу борборунда 30 бала тарбияланат. Ошондой эле мектептердин даярдоо класстарында окуган окуучулардын саны 591 бала.

            Балдар бакчаларында жогорку билимдүү тарбиячылар эмгектенишет. Ал эми “Кулунчак” калыптандыруу борборунда  ДМЧ балдар үчүн логопед,  психолог адистери кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу боюнча бардык бакчаларга интернет  киргизгенге иш-аракеттер жүрүп жатат.

 

Мектепке чейинки тарбиялоонун жана билим берүүдөгү негизги көйгөйлөрдүн негизги анализи:

  1. Исфана шаарында  бала бакчалардын жетишсиздиги - негизги социалдык көйгөйлөрдүн бири. Адистер белгилегендей, бул демографиялык кырдаалдын өзгөрүүсү,  ошондой биздин шаарда совет мезгилинде курулган бала бакчалардын имараттарын менчиктештирүү башталган кезде жеке менчикке өтүп кетиши, балдардын көп төрөлүүсү, ички миграциянын күчөшү сыяктуу маселелерге байланыштуу.
  2. Дагы бир көйгөй квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги.

 

             Орто билим берүү.  Шаардын аймагында 11 орто билим берүү мектеби, 1 толук эмес орто мектеби, 1 башталгыч мектеп жана 2 гимназия мектеби, ошондой эле 1 мектеп-интернаты жайгашкан.  Төрт орто мектебибизде билим берүү аралаш тилде окутулуп, кыргыз, өзбек жана орус тилинде  жүргүзүлөт. Жалпысынан Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринде  7292 бала билим алууда. Бирок шаар райондун борбору болгондуктан шаардагы мектептерге башка айыл аймактарынан да балдар келип окуйт. Айрыкча “Ак Чыйыр” мектеп интернатында район боюнча турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок жетим, жарым жетим балдар окуйт. Ошону менен бирге А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептеринде, №1 жана №4 Гимназия мектептеринде дагы ар башка айыл өкмөттөрдөн балдар келип  билим алат.

Биздин шаардын окуучулары райондук, областтык, республикалык олимпиадаларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келүүдө.  2019-жылда ЖРТнын жыйынтыгы менен №1 Гимназия мектебинин окуучусу   Борукулова Аида алтын сертификаттын ээси болууга жетишти.

Шаарда билим берүүнү жогорулатууда жана өнүктүрүүдө мектептерден сырткары “Дисковери” билим берүү борбору,  менталдык арифметика боюнча “Академия Роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борбору, музыкалык мектеп жана ар кандай  кружоктор жана спорттук секцияларга багытталган “Балдардын чыгармачылык борбору” ийгиликтүү иштеп жатат.

 Ысык тамактын берилиши боюнча акыркы 3 жылдын ичинде  шаарга караштуу 9 мектепте жана 1 балдар бакчасында БУУнун жана Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк программаларынын алкагында долбоорлор ишке ашырылып азыркы күндө  мектептерде ысык тамак берилүүдө.  2017-жылда  Т.Жапаров жана Самат атындагы орто мектептеринин  ашканаларын оңдоого жергиликтүү бюджеттен 317297 сом, 2018-жылда мектептердин ашканаларын калыбына келтирүү боюнча Исфана, Токтогул, Амир Темур жана А.Навои атындагы орто мектептерине жана “Жеткинчек” балдар бакчасына 1187,267 сом акча каражаты  бөлүнүп берилди. Ал эми 2019-жылда Ысык-Көл жана Тайлан орто мектептеринин ашканаларын оңдоого жана азык-түлүк кампалары үчүн 852845 сом бөлүнгөн.

 

Шаардагы мектептердин 2019-жылдын ЖРТнүн жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү

 

Мектептердин

аталышы

Жалпы

Бүтүрүүчүлөрдүн саны

ЖРТга

катышка

ндардын

саны

110

Баллга чейин алгандар

110-150 чейин балл алгандар

 

151-200 чейин балл алгандар

 

200 дън

жогорку

көрсөткүчү

Орточо балл

 

1

Самат ат.о.м

11

9

2

7

-

-

120,3

2

Т.Жапаров ат. о.м.

16

15

5

6

4

-

122,73

3

Амир Темур ат. о.м.

16

11

8

-

3

-

89,27

4

Токтогул ат. о.м.

27

10

3

7

-

-

114,8

5

Ю.Гагарин ат. о.м. (220)

47

45

17

15

12

1

125,82

6

№1 Гимназия (232)

29

29

3

11

13

1

152,03

7

Исфана о.м.

69

23

14

9

-

-

104,7

8

А.Навои ат. о.м.

76

41

15

17

9

-

120,26

9

К.Казыев ат. о.м.

11

11

3

6

2

-

125,18

10

№4 Гимназия

14

11

4

5

2

-

125,81

11

Ак-Булак о.м.

10

10

5

5

-

-

109,5

 

Жалпы

326

215

79

88

45

2

119,1

 

Шаарга караштуу Беш-Бала жана Д.Жороев атындагы, Тайлан, Ысык-Көл орто мектептеринде бүтүрүүчү класстар болгон эмес.

 

Мектептердин жалпы республикалык тестирлөөнүн  көрсөткүчтөрүнүн  жогорку баллда болуусу үчүн эмнелерди аткаруу зарыл.

 

1.   Жалпы Республикалык тестирлөө (ЖРТ) жөнүндө, анын мааниси, жогорку окуу жайга өтүүдөгү ролу жөнүндө  ата-энелер чогулуштарын жогорку денгээлде  өткөрүү  керек.

2.   Ар бир бүтүрүүчүгө ЦООМО (Бишкектеги билимди баалоо жана окутуунун усулдары борбору) тест китептерин алдыртып берүү зарыл.

3.   Шаардагы  мектептердин кыргыз тили, математика предметтеринин мугалимдеринин ЖРТга окутуу керек.

4.   Жогорку балл алгандарга акчалай сыйлыктарды белгилөө зарыл.

                   

Билим сапатын көтөрүү  багытында аткарылуучу иш чаралар:

 

-  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.

-  мугалимдердин оз ишине болгон жоопкерчилигин жогорулатуу.

-  мектептин ички көзөмөлүн талаптагыдай уюштуруу.

-  эн мыкты окуган окуучуларга стипендияларды белгилөө.

-  мезгил мезгили менен билим сапатына мониторинг жүргүзүү.

 

 

Балдарды жана жаштарды өнүктүрүү.  

Исфана шаарында жергиликтүү беңгээлде жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча 2019-жыл ичинде жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү үч негизги укуктук акт кабыл алынды. Алар:

1. 2019-жылдын 3-майындагы Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана жаштар борборунун түзүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №3- токтому менен муниципалдык жаштар борборунун жобосу бекитилди.

2. 2019-жылдын 9-августундагы Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана шаар мэриясынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №4- токтому менен Стратегия бекитилди.

3. Исфана шаар мэриясынын 2019-жылдын 23-сентябрындагы №118 буйругунун негизинде Жаштар борборунун имаратын куруу үчүн 72 чарчы метр жер ажыратылып берилди.

 

2019-жыл ичинде  спорттун түрлөрү боюнча: Эл аралык жана Азиялык мелдештер -10, республикалык-2,  областтык-9,  райондук  10 мелдешке  шаардын спортсмендери катышты. Ал эми шаарда 6 спорттук иш-чара уюштурулуп өткөрүлүп, ал мелдештерге шаардын 259 спортсмендери активдүү катышышты. Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн Грек-рим күрөшү боюнча шаардын атынан 25 спортчу катышып, а.и. 10 спортчу байгелүү орундарды ээлеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, БУУнун өнүктүрүү программалары, “Жаштарды өнүктүрүү институту” тарабынан уюштурулган, “Жаштар тынчтык өнүгүү үчүн” долбоорунун алкагындагы “Дилгир” жаш лидерлерди окутуу курсуна республика боюнча катышкан аймактардын арасында Исфана шаарынан катышкан 4 жаш лидерлердин бардыгы тең кызыл сертификатка ээ болгондугун белгилеп өтүү зарыл. Бул жаш лидерлердин демилгеси менен жыл ичинде 30дан ашуун жаштар жана балдар үчүн иш-чаралар (тренинг, дебат, тегерек стол, конкурс, социалдык-маданий жана спорттук) өткөрүлүп, аларга 5000ден ашуун балдар жана жаштар кытышты.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын турмушка ашыруу максатында жаштар тарабынан демилгеленген “Жамаатарда өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүү” долбоору “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен  ишке ашырылып Исфана шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин расмий сайты www.isfanacity.kg. ошону менен бирге “карта проблем” боюнча иштеген “Isfana Online” мобилдик тиркемеси ишке берилди.

 

Жаштардын демилгеси менен ишке ашырылган дагы көрүнүктүү долбоор бул шаардагы “Самат” атындагы парктын аймагын жарыктандыруу менен архитектуралык инсталляцияларды орнотуу долбоору жаштардын “Укук бар жерде мүмкүнчүлүк бар” долбору менен бирге ишке ашырылды. Анын үчүн жергиликтүү бюджеттен 1341,0 миң сом, райондук өнүктүрүү фондунан 26 миң сом жана “Сорос” эл аралык уюмунан 115600 сом каржыланды.

 

Айлана чөйрө жана балдардын коопсуздугу

             2019-жылы Исфана шаарында бак-дарактарды отургузуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана тазалоо иштери боюнча 9 жолу массалык ишембиликтер уюштурулуп, 3900 адам катышкан, алар:  мектеп окуучулары, мугалимдер жана медицина кызматкерлери, жеке-ишкерлер, жаштар, мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери жана мэриянын кызматкерлери. Жалпысынан 7600 гүл,  парктын аймагына жана борбордук көчөлөргө 387 түп сирень, 90 түп можжевелник, 300 түп сосна дарактары  тигилди.  Андан тышкары шаар аймагында  бак-дарактарды  актоо иштери жүргүзүлдү жана ошондой эле 81 километр ички арыктар тазалоодон өттү. Былтыркы жылы бир жылдын ичинде жалпылай ала келгенде шаар аймагынан  көчөлөрүнөн 1367 рейс  5308  тонна таштанды чыгарылган. Жогорудагы баардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалоо жумуштарына  шаардын мектеп окуучулары жана жаштары активдүү катышты.

            Окуучу балдардын жана бала бакчалардын тарбиялануучуларын көчөдө жүрүүдөгү коопсуздугун камсыздоо максатында билим берүү мекемелери жана медицина мекемелери бар жерлерде жолго ылдамдыкты азайтуучу дөңчөлөр коюлду жана жөө адамдар өтүүчү белгилер сызылды. Шаар боюнча 18 жерге дөңчө жана 21 жерге жол сызыктары сызылып 125800 сом жумшалды.

            Исфана шаарындагы 9 мектепте жана 2 бала бакчада видео көзөмөл камералары орнотулган. Ал эми 15 мектептин бардыгы тең жана 5 балдар бакчасы интернет байланышына туташкан.

 

2019-жылдагы шаардык иш-чаралар жана тартылган инвестицияларга токтолсок:

Имараты авариялык абалда болуп келген К.Казыев атындагы орто мектебине жалпы суммасы 65,0 млн сом болгон, спорттук залы менен 275 орундуу жаңы мектептин курулушу Республикалык бюджеттин эсебинен башталды. Дем берүүчү гранттардын эсебинен 2027,7 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 1656,1 миң сом болгон №1 Гимназия мектебине чарбалык имараттарды куруу жана мектеп аймагын абаттоо долбоору боюнча курулуш жана оңдоо иштери аткарылып, ишке берилди. Шаарга караштуу Кара-таш айылына жалпы суммасы 7,0 млн сом болгон жаңы ФАП курулуп пайдаланууга берилди. Ошондой эле Тажик Республикасы менен чектеш Мурза-Патча айылына “Кызыл жарым ай коому” тарабынан 790,0 миң сомго  жүн тытуучу цех курулуп пайдаланууга берилди. Ал жерде жаш келин-кыздар үчүн 10дон ашуун жумуш орундары ачылды.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун долбоорунун алкагында Исфана шаарындагы коомдук алдын алуу борборуна (КААБ) жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилди. Курулушка долбоор тарабынан 803,2 миң сом, ал эми мэрия тарабынан 441,2 миң сом каржыланды.

Араб өлкөсүнүн “Ас-Сафа” кайрымдуулук уюму тарабынан Исфана шаарына жалпы суммасы 30,0 млн сом болгон жаңы төрөт бөлүмүнүн имараты курулуп пайдаланууга берилди.

Мектепке чейинки билим берүүдө балдардын санын көбөйтүү  максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1100,3 миң сом жана ата-энелер фондунан 800,5 миң сом ажыратылып “Жасмин” балдар бакчасына кошумча корпус имараты курулуп пайдаланууга берилди жана жаңы жылдан баштап кошумча 50 бала бакчага тартылат.

Мындан сырткары 6 мектепте жана 1 бала бакчада жаңы жылытуу системасын куруу, жаңы кател орнотуу жана оңдоо иштери аткарылды. 5 бала бакча жана 3 мектепке заманбап эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү жабдуулар алынып берилди.

    1. Балдардын коомдук турмушка жана чечим

                              кабыл алууга катышуусу

Исфана шаарында Коомдук алдын алуу борборунун курамында Жаштар кеңеши иштеп келет. Мындан тышкары мектептерде жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн мектеп парламенттери бар. Жаштардын активдүү лидерлеринин сунуштары менен шаарда коомго пайдалуу долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Атап айтканда шаардагы “Самат” атындагы парктын аймагын жарыктандыруу жана инсталляцияларды орнотуу, шаар мэриясынын расмий сайтын жана “карта проблем” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү сыяктуу долбоорлор жаштардын демилгелери болуп эсептелет.

2017-жылдын 3-июлунда Исфана шаардык жаштар иштери боюнча консультативдик кенеш  Исфана шаарынын мэринин №154 Буйругу менен бекитилди жана ага 11 киши кирди. 2019-жылда анын курамына өзгөртүүлөр киргизилип аялдардын тең санда катышуусу камсыздалды. Аларга мэрия алдындагы жаштар иштери боюнча адис, жергиликтүү кеңештин депутаты, юрист, социалдык адистер жана  мектеп парламентинин мүчөлөрү жана башка жаштар кирди.  

Андан тышкары, балдар арасында Исфана шаардык мэрия менен балдар жана жаштар ортосундагы коммуникацияны бекемдоо максатында анкета сурамжылоосу өткөрүлдү, ал сурамжылоодо 256 бала катышты. Ал сурамжылоодо мэрия корсотуп аткан кызматтар боюнча суроолор болду.

2019-жылы балдардын жана жаштардын мэриянын иш-чараларына катыштыруу да абдан күчөдү, мисалы, шаардык кенештин сессиясында, мэриянын отурумдарына да катышып турат. Балдар жана жаштар арасында көтөрүлгөн маселелер Исфана шаарынын балдар менен жаштардын иш-планына киргизилди.

Балдар үчүн бюджеттер

2019-жылда шаарга караштуу 15 мектеп жана 12 бала бакчалары үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй сумма жумшалган: ичимдик суусуна- 624000  сом, жылытуу үчүн көмүр сатып алууга- 4871,856 миң сом, электр энергиясына 2854,113 миң сом, таштандыларды чыгарууга- 63278 сом, санитардык жактан тейлөө үчүн – 92500 сом, балдар бакчаларынын тамак-ашына 1003,274 миң сом, интернет байланышы үчүн 70000 сом. Мындан сырткары билим берүү мекемелериндеги курулуш, оңдоп-түздөө иштерине жана ар түрдүү курулуш жана чарбалык материалдары, технологиялык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоого 6555,490 сом жумшалган. Ошентип, бюджеттен жалпысынан- 16134,5 миң сом мектептер жана балдар бакчалары үчүн бөлүнгөн. Бул болсо аймактын жалпы бюджетинин 25,1 % түзөт. Мектептер жана бакчалардын алдына жол белгилери үчүн 125800 сом жумшалды.

2019-жылы жергиликтүү бюджеттен 65300 сом элеттик балдар жана жаштар арасында спорттук иш-чараларды өткөрүүгө да каражат бөлүнүп иш-чаралар өткөрүлгөн. Андан тышкары, Нооруз майрамына 97400 сом,  Жаңы жыл майрамына 92500 сом, жаштар арасындагы “Эр жигит”, “Исфана периси” сыяктуу маданий иш-чаралар, ошондой эле 11-октябрь Эл аралык кыздар күнү, 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү, 5-декабрь Волонтерлердун күнүнө карата “Китепкөй”, “Акылман”, “Сурамжылоо” сыяктуу конкурстар жана акцияларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен  152200 сом, мектеп  окуучуларын олимпиадаларга жана спартакиадаларга барып келүүсү үчүн 129490 сом бөлүнүп иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ошону менен бирге айылдык китепканаларга балдар жана жаштар үчүн 45900 сомго 133 даана жаңы китептер бюджеттин эсебинен камсыздап берилди.  

2019-жылы жетим балдарга жергиликтүү бюджеттен 60000 сом материалдык жардам берилген.  3-декабрь Майыптарды коргоо күнүнө 85 майыптыгы бар балдарга 39950 сомдук жардамдар уюштурулган, андан сырт ДМЧ балдардын “Кулунчак” калыптандыруу борборунда тарбияланган 27 балага 12690 сомдук белектер  берилген. Майып балдарга, турмуш шарты оор көп балалуу үй-бүлөлөрдү материалдык жактан колдоого  129000 сом,  3 кургак учук менен ооруган балдарга 9465 сом, 2 онкология оору менен ооруган балдарга 14750 бөлүнгөн. 9 тоголок жетимдердин банкта ачылган өздүк эсептерине ар бирине 5000 сомдон, жалпы 45000 сом акчалай жардам өткөрүп берилген.

1-июн “Эл аралык балдар күнүнө” карата “Исфана – балалыктын шаары” аттуу шаардык деңгээлде чоң масштабда балдар үчүн оюн-зоок, майрамдык кече уюштурулуп өткөрүлдү. Балдар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында шаарга караштуу 12 балдар бакчасына оюнчуктар анын ичинде ДМЧ балдардын “Кулунчак” калыптандыруу борборуна  белектер алынып берилди. Балдар күнүнө арналган иш-чара үчүн жергиликтүү бюджеттен 70430 сом бөлүнгөн.   

3-декабрь ДМЧ адамдардын эл аралык күнүнө карата майыптыгы бар жаштардын арасында кичи футбол оюну уюштурулуп сыйлыктарына 3000 сом бөлүнүп берилди.

Кышка карата даярдык боюнча көп балалуу үй-бүлөлөргө, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө жана ДМЧ балдары бар үй-бүлөлөргө 154560 сомдук 22 тонна көмүр таратылып берилди. Ошентип,  538844 сомго социалдык жардамдар көрсөтүлгөн.

Жыйынтыктап айтканда балдар жана жаштар үчүн бюджеттердин жалпы суммасы 17382,0 миң сом, б.а. шаардын бюджетинин 27% түздү.

 

КОРУТУНДУ СӨЗ

  • КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейлөөгө багытталган уюмдар жайгашкан жерлерде жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү орнотуу, көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга автомобиль жолдорунун жүрүү бөлүгүн кесип өтүү жөнүндө эскертип туруу үчүн арналган үн сигналдары бар жол чырактарын (светафорлорду) орнотуу жана керектүү жерлердин баарына жол чийимдерин чийүү иштерин келечектеги иш-пландарды иштеп чыгууда эске алат жана ишке ашырат;
  • Жергиликтүү денгээлде калка укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында өзгөчө балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн конкретүү механизимин иштеп чыгат жана баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
  • Жалпы билим берүү мекемелерин замандын талабына шайкеш келген жабдыктар, техникалар, жылууту системасын жакшыртуу жана спорттук шаймандар менен камсыздоо иштерин артыкчылыктуу багыт катары алдына максат коют.
  • Исфана шаарындагы мектеп окуу жайлардын материалдык базасын жакшыртуу максатта жана билим сапатын жакшыртуу боюнча мамлкеттик тиешелүү мекемелер биргеликте иш алып барат.
  • Шаарга караштуу  13 жалпы билим берүүчү мектептин ичинен 8 мектепте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана МерсиКо эл аралык уюмунун колдоосу алдында балдарды ысык тамак менен камсыз кылат. Калган мектептерде балдарга булочка жана чай берилет. Ысык тамак берген мектептердин санын көбөйтүү зарыл.
  • Шаар боюнча мектепке чейинки (6 айдан 7 жашка чейин) курактагы балдардын 38 %  бала бакчага жана даярдоо класстарына барышат, жана жалпы мектеп жашына чейинки 62% балдар бүгүн шаарда бала бакчалар жетишсиздигинен эрте жашта билим берүүгө тартылган эмес. Ошондуктан тез арада шаарга типтүү бала бакчаларды куруу зарыл.
  • Шаардык  мектептерде окуу китептери менен камсыздалгандыгы 80% түзөт. Балдарга негизинен орус тилдүү жана өзбек тилдүү мектептерде  китептери жетпей жатат.
  • Балдар бүгүнкү күнү негизги жалпы билим берүү тышкары дагы кошумча чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, спорттук ийримдерге катышууга жана кошумча предметтик билимдерди алууга  муктаждык бар экени аныкталды.
  • Дагы бир орчунду көйгөйлөр мектептерде заманбап технология жетишпейт, башкача айтканда бүгүн информатика сабактарын теория түрүндө гана алышат. Учур балдарыбыздын заманбап технологияларды эркин колдонушуга шарт түзүлбөй жатат. Ошондой эле балдардын коопсуздугуна шарт түзүү максатта көпчүлук мектептерде видео-байко камералары менен камсыздоо жагы да чабал. 
  • Балдардын жана жаштардын кызыкчылыктары жана муктаждыктарынан келип чыгып алардын коопсузудун камсыздоого, билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды шаардын өнүгүү программаларына киргизүү менен жергиликтүү бюджеттен бул тармакка бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүү зарыл.

 

            Исфана шаарынын мэри                                                           А.Н.Хамраев