Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу

Акыркы жаңылыктар Баардыгы

01-апрель 2020 01:04

Жарандар үчүн эскертме.

04-февраль 2020 13:02

«Исфана шаарынын  балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө» …

28-январь 2020 10:01

УКУК ЭЛЕСИ БОЛГОН АЙКЕЛДЕР!

Исфана шаары мэриясы жөнүндө кыскача маалымат

Исфана шаар мэриясы тууралуу кыскача маалымат

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-февралындагы № 21-Жарлыгы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451-токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаар мэриясы болуп өзгөрүлгөн.

Исфана шаар мэриясынын административдик имараты И.Раззаков № 10 көчөсүндө жайгашып, бул имарат 1956-жылы курулган. 2012-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Муниципалдык кызматтын реестрине ылайык Исфана шаар мэриясында 20 муниципалдык кызматкер, 4 кенже жана техникалык жумушчу эмгектенишет.   

Мындан тышкары шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде жалпы 8 кызматкер, 14 аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагалары, 1 статист-экономист, 2 ВУС инспекторлору иштеп жатышат.

Калкты таза суу менен “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы, ал эми шаардын тазалыгын, көрктөндүрүлүшүн  “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканасы камсыз кылат.

 

Исфана шаары тууралуу кыскача маалымат

2019-жылдын 1-январына карата шаардын калкынын саны-31613 адам, кожолук 7235, шаардык Кеңештин депутаттарынын саны 31. Жалпы аянты 227 миң га. Шаарда кырктан ашык мекеме-ишканалар бар. Ал эми шаарга караштуу 15 орто билим берүү, 12 мектепке чейинки билим берүү мекемелери, 1 маданият үйү, 4 китепкана бар.

Жергиликтүү калк, Исфана шаар мэриясынын тийиштүү жооптуу кызматкерлери, аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагалары тарабынан системалуу түрдө өткөрүлүп жаткан иш чаралардын натыйжасында көп этностуу Исфана шаарынын калкы бүгүнкү күндө ынтымакта жана биримдикте жашап жатышат.

 

Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:

-райондун административдик-маданий борбору – Исфана шаары

- айылдар -6;   Алар Мурза-Патча, Самат, Чимген, Тайлан , Ак-Булак жана Голбо.

Исфана шаары чыгыш тарабынан Тогуз-Булак айыл Өкмөтү, батыш тарабынан Сумбула, Ак-Суу айыл Өкмөттөрү, түндүк тарабынан Сүлүктү шаары жана Тажик Республикасынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешет.

 

Исфана шаары өнүгүү жолунда

 Исфана шаар мэриясы, шаардык Кеңеш жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн шаардын ар тараптуу өнүгүү багытында иш аракетерди  жүргүзүп келүүдө. Акыркы жылдар ичинде жергиликтүү бюджеттин, тартылган тышкы инвестициялардын эсебинен жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, бекитилген өнүгүү программалардын негизинде шаардын жана айылдардын айыл чарбасын, өндүрүшүн, инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынып, экономиканы   жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

 

 

Мэриянын байланыш маалыматтары

Телефон
03656-5-00-85
Факс
03656-5-00-85
Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru