Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу
22-январь

Жеке ишкерлер ассоциясы Лейлек жергесинде

Жеке ишкерлер ассоциясы Лейлек жергесинде

 

Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, жеке ишкер Ганыева Жаркынай Халботоевнанын демилгеси менен Бизнесс ассоциясы JIA Баткен областы боюнча филалынын директору Мурат Газыев, ишкерликти колдоо борборунун юристи  Абдибакыт Курбанов жана  жеке ишкер Сабат Баткен окуу борборунун жетекчиси жана “Бир ай, бир айыл-бир продукт” долбоорунун Баткендеги өкүлу  Айжана Мадумаровалар менен биргеликте семинар-тренинг болуп өттү.

Семинардын максаты:  Доннорлор менен жеке ишкерлердин кызматташуусу боюнча жеке ишкерлерге маалымат берүү,  “Бир ай, бир айыл-бир продукт”  долбоорунун ишмердүүлүгүн жандандыруу. Семинардын жыйынтыгында ушул уюмду таанып, жеке ишкерлер Бизнесс ассоциясы JIAга  мучо болуп катталды.

Бул уюмга мүчө болуу менен биздин ишкерлер жеткиликтүү деңгеелде маалымат алып, колдоо көрсөтүлүп турат деген ишеничти билдиребиз.