Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу

Акыркы жаңылыктар Баардыгы

22-январь 2020 15:01

Исфана шаардык Кеңешинин жана Исфана шаар мэриясынын расмий…

22-январь 2020 10:01

Жеке ишкерлер ассоциясы Лейлек жергесинде

26-декабрь 2019 11:12

Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын жаңы-жылдык куттуктоос…

Исфана шаардык Кеңеши боюнча тактама маалыматтар.

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президетинин 2001-жылдын 5-февралындагы № 21-Жарлыгы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. 2001-жылдын 5-февралынан баштап Исфана шаардык Кенеши түзүлгөн. Исфана шаардык Кенеши ЖСН:00503201210055 Лейлек району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынан 2012-жылдын 5-мартында каттоодон өткөн. Исфана шаардык Кенешинин III чакырылышында Исфана шаарында 21 депутат болгон. Исфана шаарынын калкынын саны 30 000 ден ашкандыгына байланыштуу 2012-жылдын 25-ноябрындагы шайлоонун жыйынтыгы Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышында 31 депутат шайланган.

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Исфана шаардык Кенеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кенеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.

            Шаардык Кенештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана шаардык Кенештин регламенти менен аныкталат.

            Шаардык Кенештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ,болуп өзгөргөн.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.

            Шаардык Кенештин сессияларында шаардык Кенештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол жергиликтүү Кенештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.

 

2016-жыл 11-декабрь айында шайлоо өтүп 20-декабрында БШК тизме бекитилип, 1-сессия 2017-жыл 4-январында болуп өз ишмердүүлүгүн баштап мандат алышкан. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Исфана шаардык Кеңеши  партиялык тизме менен бекитилип, шайланган. 4 фракция бар.

4 туруктуу комиссия

1. Муниципалдык менчик, айыл чарба,курулуш,жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссия;

2. Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо,социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы;

3. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө комиссиясы;

4. Бюджет,экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы

Байланыш үчүн маалыматтар

Телефон
03656-5-09-90
Факс
03656-5-09-08
Электрондук дарек
gokenesh12@mail.ru