Электрондук дарек
isfanaonlinecity.kg@gmail.com
03656-5-09-90 03656-5-00-85
Жабуу

Исфана шаары жөнүндө кыскача маалымат

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-февралындагы № 21-Жарлыгы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451-токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаар мэриясы болуп өзгөрүлгөн. Исфана шаарынын аймагы 28950 га. түзүп, Туркестан кырка тоолорунун түштүк жагында,   дениз денгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Областын борбору Баткен шаарынан 130 км, Республиканын борборунан 960 км. аралыкта жайгашып, Лейлек районунун борбору болуп саналат.

 Исфана шаары чыгыш тарабынан Тогуз-Булак айыл Өкмөтү, батыш тарабынан Сумбула, Ак-Суу айыл Өкмөттөрү, түндүк тарабынан Сүлүктү шаары жана Тажик Республикасынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешет.

 

Тарыхы

            Биринчи божомол:

            Кокон ханынын (кайсы хан экендиги боюнча так маалымат жок) жакын кишиси, кыргыз урууларынан чыккан (вазири) Исман бир күнү ханы менен келише албай өзү туулган жерине кайтат, ордодон чыгып, таза абалуу, тоолуу, тынч аймак деп азыркы Исфанадагы Түпсада деген жерине кайтып келет. Аймак сууга мол экен. Ошол учурда Исфана аркылуу Жибек Жолунун бир тармагы – Кокон-Самарканд соода жолу өтчү экен. Кокондон бул аймакка келе жаткандардан сураса, "Исман турган жерге", "Исман ыктыярындагы жерге", "Исманга" деп айтылып жүрүп, аймактын аты кыргызча Исманы ,Совет бийлиги Кырыгзстанда ХХ  орногон соң орусча Исфана болуп калган. 

            Экинчи божомол:

            Маалыматтарга таянсак, "Исфана" деген сөз фарс тилинен алынып "аспанкент" - "жылкылардын жери" деп которулат экен. Демек, бул жерде байыртадан Орто Азия элдеринин ислам динин кабыл алышында Кутайба Ибн Муслим 710-жылда азыркы Орто Азия да араб аскер башчысы келип бул чоң аймактын бардык падышаларды багындырып 710-715-жылдары Ислам динини тараткан. Азыркы Исфана шаарыбызга араб аскерлери келгенде  көптөгөн жылкылар жүргөнүн көрүп ошондон "аспанкент" деп аталып калган дешет .  Кыргызстандагы эн жаш шаарлардын бири болгону менен, келип чыгуу тарыхы өтө бай. Исфана шаары бейиштин төрүндөй болгон Кыргыз жергесинин түштүгүндө Лейлек жергесинде жайгашкан.

            Исфанада эки кароол дөбө болуп, биринчиси калаанын чыгыш тарабында, экинчиси түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Кайсы тарабынан алыстан душман көрүнсө, кароол дөбөдө турган күзөтчүлөр от жагып, түтүн чыгарып белги беришкен. Ал түтүндү көргөн ордонун (сепил) кароолчусу керней тартып белги берген (азыр да ошол кароол дөбөнүн орду бар).

Калкы

2019-жылдын январь айына карата туруктуу калкынын саны 31613 адам, анын ичинен 34,3 % - айыл жашоочулары түзөт. Калктын этникалык курамы: кыргыздар – 16577 адам, башка улуттар – 15036 адам.

-калктын саны31613 киши.

            Анын ичинде этникалык курамы боюнча:

          -Кыргыздар    -16577 адам               52,44%;

            -өзбектер        -14871 адам               47,04%;

          -тажиктер       -105 адам                   0,33%;

          -орустар         - 41 адам                    0,13 %;

          -башкалар       -19 адам                     0,1%.

             

Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:

-райондун административдик-маданий борбору – Исфана шаары

           - айылдар -6;   Алар Мурза-Патча, Самат, Чимген, Тайлан , Ак-Булак жана Голбо.

              

Социалдык-экономикалык абалы

Исфана шаар мэриясы, шаардык Кеңеш жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн шаардын ар тараптуу өнүгүү багытында иш аракттерди  жүргүзүп келүүдө. Акыркы жылдар ичинде жергиликтүү бюджеттин, тартылган тышкы инвестициялардын эсебинен жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, бекитилген өнүгүү программалардын негизинде шаардын жана айылдардын айыл чарбасын, өндүрүшүн, инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынып, экономиканы   жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

 

ИДП (ВВП) 2019-жылдын 1-январына карата 36,9 млн. сомду түздү. Шаарда 1 кыш заводу, 7 пескоблок, 3 брусчатка, 12 тигүү цехтери, тегирмен 7, темир устаканалар 5, майжуваз 1, ширетүүчү цех 8, АЗС 15  бар.

 

Байланыш үчүн маалыматтар

Телефон
03656-5-00-85
Факс
03656-5-00-85
Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru